Биз менен байланышыңыз

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 456 | 0

Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Мындай чечим директорлор кеңешинин 20-ноябрда өткөн отурумунда кабыл алынганы белгилүү болду.

Мелис Тургунбаев буга чейин «Кыргызмунайгаздын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген.

2013-2017-жылдар арасына директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.

«Кыргызмунайгаз» ишканасын буга чейин  Рашит Бостонов жетектеген. Ал 19-ноябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

«Кыргызмунайгаз» Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарында жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM