Биз менен байланышыңыз

Бишкекте сифилис, В жана С гепатитке тестирлөө өтөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 305 | 0

Республикалык «СПИД» борбору 23-ноябрдан тарта Бишкек шаарынын базарларында сифилис, В жана С гепатитке тестирлөөнү баштайт.

Маалыматтарга караганда, акысыз текшерүү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт.

Мобилдик тестирлөө өтө турган жайлар жана күндөрү:

«Ош» базары — 23-24-ноябрда;

«Аламүдүн» базары — 25-26-ноябрда;

«Сары-Өзөн» базары — 27-28-ноябрда;

«Дордой-Дыйкан» базары — 30-ноябрда;

«Орто-Сай» базары- 1-декабрда.

Тестирлөө саат 10:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM