Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 4 күн жаратылыш газы өчүрүлөт

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 372 | 0

Бишкекте 24-27-ноябрь күндөрү 4 миңге жакын абоненттин үйүндө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Курманалиев жана Элебесов көчөлөрүндөгү түтүктөрдөн газдын чыгышын четтетүү иштерине байланыштуу «Красный строитель» шаарчасында жана шаардын Сары-Челек, айланма жол, Кыргызская, Логвиненко, Курманалиев, Зеленая, Новая, Колхозная, Заводская көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө жана Коллективная, Аул, Новосельская көчөсү, кичи Чүй каналы менен чектелген бөлүгүндө көгүлтүр от өчүрүлөт.

Бул даректерде 3 миң 920 абонент бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM