Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн демөөрчү таап берген уюм түзүлдү

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 1342 | 2

Кыргызстанда чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардан билим алууну каалап, бирок каражаты жок бара албай жаткан жаштар үчүн каржылык колдоо көрсөткөн жаңы уюм түзүлдү. «GEF» (Global Education Foundation) коммерциялык эмес уюму дүйнөдө билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган жаштарга каржылык жардам көрсөтүп, контрагын толугу менен төлөп берет. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов билимге суусаган жаштардын чет өлкөдөн билим алуусуна шарт түзүп, өлкөгө татыктуу кадрларды даярдап берүү негизги максаты экенин айтат.

«Билимге дилгир, мекенчил жаштар абдан көп. Биз алардын чет өлкөдө билим алуусуна шарт түзүп, контрагын, жол кире, жашоо чыгымдарын төлөп берели деп жатабыз. Өлкө учурда кадрдык кризисте турат. Ал үчүн мыкты кадрларды даярдообуз — заман талабы», — дейт Хабиб Арзыкулов.

Аталган уюм 2021-2022-окуу жылдарына 50 студентти АКШ, Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнүн алдыңкы окуу жайларына жөнөтүүнү пландап жатат. Ал эми алардын чыгымын ата мекендик демөөрчүлөр аркылуу чогултмакчы.

2 пикир

2 пикир

  1. Айзат

    30.11.2020 21:22

    Жакшы болот эле мен да баламды окутат элем өзүбүз деле анча мынча каржылап кандай окуу кантип байланышабыз балам учурда финтехте окуйт 3-курс кыялданам чет өлкөдө окуса деп

  2. Азиза

    30.11.2020 23:35

    Биздагы барсак болобуу АКШ га жана кантип байланышсак болот

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM