Марал Радиосу

Рафаэль Физиевдин беттеши 12-декабрга жылдырылды

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин беттеши 12-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

Физиев 28-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтчү UFC Fight Night: Blaydes vs. Lewis мелдешинде бразилиялык Ренато Мойкано менен таймашка чыкмак. Атаандашы коронавирус илдетине кабылгандыктан, беттеш 12-декабрга жылдырылды.

Бул кыргызстандык мушкердин UFC уюмундагы төртүнчү беттеши болот. Буга чейин Физиев ушул жылдын июль айында англиялык Марк Диакезини уткан.