Марал Радиосу

Райымбек Матраимов Каржы министрлигине 536 млн сом которду

Каржы министрлигинин атайын эсебине Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 536 млн сом которду. Бул тууралуу тиешелүү булактар билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 17-ноябрга чейин Райымбек Матраимов 493 млн сом, андан кийин 42 млн сом которгон.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 20-октябрда кармалган. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деп айып тагылууда. Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген. Анын 80 млн сомун алдын ала которгон болчу.