Марал Радиосу

Калмаматов: Президенттердин катасына дайыма бир «китеп» күнөөлүү болуп чыгат

Бизде президенттер эч убакта катасын моюнуна албай, аягында бир «китеп» (Конституция — ред.) күнөөлүү болуп чыгат. Мындай пикирин, саясатчы Бактыбек Калмаматов «Маралга» маек куруп жатып айтты.

«Акаевдин маалында, Бакиевдин маалында, Атамбаевдин маалында, Жээнбековдун маалында президенттик башкаруу болду. Биздин эл парламенттик система жаман экенин кайдан билет? Биз андай башкарууда жашай элекпиз. Бирок акыр аягында дайыма келип «бир китеп» күнөөлүү болуп калат. Баары бийликке келсе эле Башмыйзамды өзгөртүүгө аракет кылат. Мына бүгүнкү Жапаровдун бийлиги эмне деп жатат? Конституциядан тыш башкарсаң, эл кууп жиберет экен. Мен Жээнбековдун башкарган абсолюттук хан эрежесин китепке эреже кылып алайын дейт. Бизде Конституцияда көрсөтүлгөн эрежеден тыш жашаш үчүн президенттер ар кандай жолдор менен бийликти узурпация кылып келди. Тилекке каршы, сабак албай жатабыз», — деди Калмаматов.

Ошондой эле саясатчы парламентке бир мандаттуу шайлоо менен эл өкүлдөрү келе турган болсо, анда дагы артка кетебиз деп белгиледи. Ал преференционалдык шайлоо системасы парламенттин сапатын жогорулатат деп эсептейт.

Маектин толук вариантын бул жерден көрө аласыз: https://www.facebook.com/196506283893006/videos/411857303324211

Exit mobile version