Биз менен байланышыңыз

Малды экспорттоого тыюу салуу: Министр макул, ишкерлер каршы

Экономика | 20 Ноя 2020 | 1105 | 1

Быйылкы жылдын акыркы 8 айында 5262 бодо мал Кыргызстандан тышка сатылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 35 эсе көп. Ал арада Кыргызстандын базарларындагы эттин баасы 450-600 сомго көтөрүлдү. Бул көпчүлүк жарандардын нааразычылыгын жаратты. Мындан улам 19-ноябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бодо малды жана бир катар азыкты чет өлкөгө сатууга тыюу салды. Министрлик бул боюнча эттин баасын арзандатууга болгон аракет экендиги менен түшүндүрдү. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги да эттин кескин кымбаттап кетишин малдын тышка көп чыгып кетип жатканы менен байланыштырып келет.

Министр Тилек Токтогазиевдин айтымында, Өзбекстан мамлекетине малды мыйзамсыз жол менен экспорттоо токтобой жатат. Бүгүнкү күндө коңшу мамлекетке тирүү мал сатуунун катталбаган учурлары мыйзамдуу сатуудан он эсеге көп. Мындай чектөө аркылуу чек арадан  мыйзамсыз өткөрүүнү да ооздуктаса болот. Ошол эле учурда тыюу салуу тирүүлөй сатууга гана кирди, союп сатууга эч кандай чектөө жок.

«Асыл тукум мал чарбасын көбөйтүү үчүн биз өзүнчө пландарды ишке ашырабыз. Бул маселе боюнча жакшы шарттарды түзүп беребиз. Андан сырткары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы «Элита» малды жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл тукум станциясына дем берүүнү пландап жатабыз. Бул аркылуу айылдарга да чоң жардам көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле асыл тукум мал породасын көбөйтүү максатында 20 зоот бука алганга аракет көрүлүүдө».

А бирок министрликтин бул чечимине макул болбогондор да бар. Ишкер Абдулла Ташиев маселеге бир жактуу мамиле жасалып жатканын айтат. Анткени мал экспорттоо көп жылдар бою солгун болуп келген, мындай мүмкүнчүлүктү кеңири пайдалануу акыркы 7-8 айда гана пайда болду. Ал тыюунун ордуна чек арага жакын жерлерге атайын базарларды ачууну министрликке сунуш кылды.

«Менин оюмча, эгерде малчыларга ушундай ыкма ыңгайлуу болсо, аларды жөн койсок. Малчылардын өзүлөрү ыраазы болсо, сатып ала турган кардары болсо, анда малын тирүүлөй сата берсин. Эгерде аларга кетирген чыгымын актаса, эмнеге экспорттого тыюу салынышы керек?»

Ал эми экспорт боюнча адис Шумкар Муктаров өлкөбүздө өндүрүш тармагы артта калып кеткенден улам, ушундай туңгуюкка түштүк дейт. Адистин белгилешинче, ишкерлер бүгүнкү күнгө чейин өз арабасын өздөрү тартып келген, аларга мамлекет тараптан эч бир жардам көрсөтүлгөн эмес. Андыктан мамлекет ишкерлерге бардык шартты түзүп берип, андан соң мыйзам кабыл алганы туура болот.

«Андан көрө өкмөт чек араларга жакын облустарга жана шаарларга мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кандайдыр бир программа иштеп чыгуусу керек. Аларга пайызсыз кредит берип, чарбасын ирдентүүгө жардам берсе туура болот. Ошол жерден эле мал чарбасын кеңейтип, Өзбекстан жана Тажикстанга түз экспорттого шарт түзүлүп берилсе жакшы болмок. А бизде андай жок да».

Эскерте кетсек, тыюу салуу тирүү малга эле тиешелүү эмес, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, кумшекер өңдүү бир катар товарларга да чектөө киргизилди. Убактылуу тыюу салуу боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

1 пикир

1 пикир

  1. Ардагер

    22.11.2020 18:56

    Жалпы караламан элди да ойлош керек го,ушул ортомчулардын азабынан баа которулуп жатат.Эми качан ушундай нерселер тартипке салынат!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM