Марал Радиосу

ӨКМ: Бишкектеги кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги кафеден чыккан өрт чектөөгө алынганын кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, Чүй проспектисинде жайгашкан кафеде өрт чыккан. Ал саат 15:36да чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.