Марал Радиосу

Бүгүн Кыргызстандын курама командасы Өзбекстан менен ойнойт

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 20-ноябрда кезектеги жолдоштук беттешин Ташкент шаарында өткөрөт.

Амиржан Мукановдун командасы «Бунёдкор» стадионунда Өзбекстандын курама командасы менен беттешет.

Бул командалар буга чейин 17-ноябрда өз ара ойношуп, беттеш 2: 1 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктаган. Нурсултан Абдылдаев Кыргызстан курама командасынын жалгыз голун киргизген.

Ошондой эле 18-ноябрда Кыргызстандын курама командасы менен Тажикстандын курама командасы Ташкентте беттешип, 1: 1 эсебинде тең чыгышкан. Кыргызстандан Юлдаш Салимбаев гол киргизген.