Марал Радиосу

Кубанычбек Абдисалам уулу атаандашын нокаут менен жеңди [видео]

Кыргызстандык мушкер Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун жеңүүчүсү болду.

«Brave CF-45» турнири кечээ, 19-ноябрда Бахрейнде өттү.

Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу азербайжандык Фагиф Аскеров менен жолугушту. Абдисалам уулу биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.