Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдө» дагы 300 тонна же 18 млрд долларлык алтын бар

Саясат , Экономика | 19 Ноя 2020 | 3836 | 1

«Центерра Голд Инк» компаниясы 2020-жылдын 9 айындагы алтын өндүрүмдөрүнүн көлөмү тууралуу маалыматын жарыялады. Расмий сайттагы эсептерге ылайык, быйылкы 9 айда эле Кумтөрдөн 14.5 тонна, тагыраагы, 465 миң 734 унций алтын казылып алынган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 451.6 миң унция алтын чыгарылган эле. Учурда дүйнөлүк базарда 1 унций алтынга болгон баа 1900 долларды түзүүдө. Буга ылайык, «Центерра Голд Инк» 9 айда казылган 465 миң 734 унций алтынды 885 млн АКШ долларына сата алары белгилүү. Минтип дүйнөдө баалуу металлга болгон баа тынымсыз өсүп жаткан маалда Кыргызстандын «Кумтөрдөн» алган үлүшү, салыктык өлчөмү өтө эле аз экени айтылып келет.

Ошол эле, маалыматта «Кумтөр» казынага салык катары жана башка милдеттүү төлөмдөр үчүн 10.2 млрд сом төккөнү айтылган. Талдоочу Айданбек Акматов учурда Кыргызстандын пайдасына аталган кен 14 пайыз гана салык төгөрүн эске салып, бул маселе сүйлөшүүлөр аркылуу кайрадан каралышы керектигин айтат.

— «Центерра Голд Инк» 9 айда казылган 465 миң 734 унций алтынды 885 млн долларга сатты. Мында өндүрүштүк чыгымдарын эсептесек, «Кумтөрдө» 1 унций алтынды казып алуу үчүн мамлекетке төккөн салыктарды кошо эсептегенде 553 доллар каражат сарптайт. Демек, «Центерранын» 14,5 тонна алтынды казып алуу үчүн кетирген чыгымы 257 млн 550 миң доллар болот. Мына ошондо компаниянын өздүк таза кирешеси 627 млн АКШ долларын түзөт. Муну улуттук валютага айландырганда 53 млрд 324 млн сом. Азыр биринчи кезекте кыргыз мамлекети бул ашкере кирешеден тийиштүү үлүшүн алышы керек. Андан кийин, «Кумтөрдүн» жана башка кендердин тагдырын кароого киришүү керек. Бул кендердин бардыгы коррупциялык жолдор менен берилген. Мындай учурда келишимдерди кайра карап чыгууга эл аралык коомчулук да жок дебейт.

Акматов Кыргызстан СССРдин курамында турган маалда геологдордор жүргүзгөн чалгындоого таянып, күмүш, жез металлдарын кошпогондо, «Кумтөрдө» 716 тонна алтын бар экенин, учурда анын 400 тоннага жакыны гана казылып алынганын, дагы 300 тоннадан кем эмес алтын турганын маалымдады.  Мындан улам өлкөнүн казынасындагы тартыштык 40 миллиард сомго жеткен маалда тилемчилик саясатты токтотуп, «Кумтөрдүн» пайдасын өлкөгө кайтаруу зарылдыгын белгилейт.

— Канадалык компания ири кирешелерди алып жатат. Ошол эле учурда Кыргызстандын экономикасы кандай абалда турганы белгилүү. Пенсия, жөлөк пулдарды бере албай жатат. Кошуналарга барып кайырчыдай болуп акча сурап жүрөт. Мындай учурда колубузда турган байлыкка өзүбүз ээ боло албай жатканыбыз өкүнүчтүү!

Акматов башында Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» үлүшү 67 пайыз, «Центерраныкы» 23 пайыз болуп турганын, 2003-жылы өлкөнү Аскар Акаев, өкмөттү Николай Танаев жетектеп турган учурда Кыргызстандын үлүшү 23 пайызга түшүп кеткенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 2006-жылы ошол кездеги Экономика жана финансы министри катары үлүштөрдү көтөрүү сунушун бергенин, мындан улам 14 пайыздык салык милдеттенмеси киргенин билдирди. Ошондой эле ал бир унций алтындын баасы 1200 доллардан ашкан мезгилде «үстөк киреше» түшүнүгүн киргизип, андан ашкан сумманын 50 пайызын өлкө казынасына түшүрүү сунушун эч бир өкмөт колдобой келгенин айтат.

— Тилекке каршы, «Кумтөр» кенинин көпчүлүк бөлүгү чет өлкөлүк акционерлерге иштеп келе жатат. «Центерранын» 70-80 пайыз кирешесин «Кумтөр» берет. Кыргызстандын үлүшү өтө аз. Учурда 27 %. Ошого жараша булар дивиденддерин төлөбөй, анын баарын жаңы кендерди сатып алууга жумшап жатат. Абал турукташса, Кыргыз Өкмөтү келишимдерди кайра карап чыгуусу керек.

«Кумтөр» кениндеги калган алтын запасынын көлөмү тууралуу аталган компаниядан, «Кыргыз алтын» мамлекеттик ишканасынан расмий маалыматтарды талап кылып, ала алган жокпуз. Белгилей кетсек, Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка шайланар алдында «Кумтөрдө» алтындын запасы азайып кеткенине байланыштуу аны улутташтыруунун кажети жок деген эле.

1 пикир

1 пикир

  1. Seikal Sarl

    20.11.2020 21:19

    Кумтор боюнча турдуу маалыматтардын азырынча кереги жоктугун билип турабыз,ар нерсенин оз учуру болот,элди калп эле дуулуктуруп,првокоциялуу кырдаалдагы сунуштардын учуру келе элек,деп,тушуном

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM