Марал Радиосу

АКШ 10 жылдан соң Венесуэлага элчи дайындады

АКШ 10 жылдык үзгүлтүктөн соң, Венесуэла менен байланыш түздү.

АКШ Сенаттар конгресси Кошмо Штаттардын атынан Венесуэладагы элчиликке Жеймс Сторинин талапкерлигин бекитти.

Стори жаңы шайланган президент Жо Байдендин тушунда Венесуэладагы АКШ саясатын жүргүзүүдө маанилүү роль ойноору божомолдонууда.

АКШ менен Венесуэланын ортосундагы алака 2010-жылы Венесуэланын мурунку президенти Уго Чавестин тушунда бузулган. Ошондон бери эки өлкө бири-бирине элчи дайындабай келген.