Марал Радиосу

Жапонияда коронавируска байланыштуу абал оорлошту

Жапонияда коронавирустун жайылышына байланыштуу абал оор даражага жетти. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Ёсихидэ Суга маалымдады.

Ал соңку бир күндө коронавирустун жаңы 2 миң 189ду түзгөн рекорддук учуру катталганын айтып, «бул коркунучтуу абал» деп атады.

Токиодо кафе жана ресторандарга төрт кишиден ашык чогулууга уруксат берүүнү талап кылышууда.

Токиодо ушул жылы 24-июлдан 9-августка чейинки аралыкта жайкы Олимпиада оюндары өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам мелдеш белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлөрү белгиленди.

Кошумчалай кетсек, Жапонияда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 121 миңден ашкан. 104 миңден көбү сакайган, 1 миң 895 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.