Марал Радиосу

Валентина Шевченко PFP рейтингинде 3-орунду ээлейт

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC аялдар арасында салмак категориясына карабастан 3-орунду ээлейт, тактап айтканда, PFP рейтингинде Бразилиянын мушкери Аманда Нунес менен кытайлык Вейли Чжандан кийинки орунда турат.

Ал эми Валентинанын эжеси Антонина Шевченко рейтинг боюнча 15-орунда.

22-ноябрда эже-сиңди Шевченколор UFC алкагында кезектеги беттешин өткөрөт. Лас-Вегаста өтө турган «UFC-255» мелдешинде Валентина Шевченко дагы бир жолу өзүнүн титулун бразилиялык Дженнифер Майядан коргойт, ал эми бразилиялык Ариане Липский Антонина Шевченконун атаандашы болот.