Марал Радиосу

Германия чемпионатынын эң ылдам оюнчусу аталды

«Лейпциг» командасынын коргоочусу Дайо Упамекано Бундеслиганын ушул сезондо эң тез ойногон оюнчусу экендигин «Лейпцигдин» басма сөз кызматы жарыялады.

Белгиленгендей, футболчу ушул сезондо матч учурунда 35,34 км/саат ылдамдыгын көрсөттү. Буга чейин лидер катары «Штутгарттын» жарым коргоочусу Силас Вамангитука болчу, анын ылдамдыгы — 35,42 км/с.

«Лейпциг» учурда Германиянын лигасынын таблицасында экинчи, «Штутгарт» сегизинчи орунда турат.