Марал Радиосу

Левандовски кайрадан жылдын мыкты футболчусу аталды

Роберт Левандовский Дүйнөлүк футбол саммитинин версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу аталды. Бул туралуу чет элдик спорт басылмалар жазып чыгышты.

«Бавария» клубунун жана Польша курама командасынын чабуулчусу «As.com» сайтынын колдонуучулары жана атайын калыстар тобу арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо үчүнчү орунду ээлеген командалашы Жошуа Киммич менен «Барселонанын» капитаны Лионель Мессини жеңип алды.

Сыйлык Левандовскийге виртуалдык режимде 27-ноябрда тапшырылат. Левандовский 2019/20 Германиянын чемпионатында 30 оюнда 34 гол киргизген жана Чемпиондор Лигасында 15 гол киргизген.