Марал Радиосу

Сот Трамптын арызын четке какты

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабы Филадельфияда добуштарды саноодо байкоочулардын мүмкүнчүлүгү чектелгенин айтып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко берген арызы канааттандырылган жок. Пенсильвания жогорку соту арызды четке какты.

Сот эрежелер бузулбаганын, иштөөгө толугу менен шарт түзүлгөнүн айтты.

Кошумчалай кетсек, Америка Кошмо Штаттарынын республикачылар партиясы Пенсильвания штатында кечигип келип түшкөн 10 миңге жакын бюллетенди эсепке албоону талап кылып сотко кайрылган. Бирок, АКШнын үчүнчү аппеляциялык соту арызды четке какты.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрь күнү болуп өттү. Шайлоо жыйынтыгында «Демократтар» партиясынан талапкер болгон Жо Байден утуп чыкты. Ал АКШнын 59-жолу өткөрүлүп жаткан президенттик шайлоосун жеңип, өлкөнүн 46-президенти болду.