Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен беш адам каза болду. Республикалык штабдын маалыматына караганда, Бишкек шаарында, Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында бирден учур катталды.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустан 1212 адам көз жумду.
Бир сутка ичинде COVID-19 вирусу менен 425 адам жаңы катталды. Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 67 миң 894кө жетти.
Ооруканаларда 3136 бейтап болсо, анын 113ү өтө оор абалда. Үй шартындагы дарыланууда 4 миңге жакын киши бар.
18-ноябрга карата коронавирустан 531 адам айыкты. Оорудан сакайгандардын жалпы саны 58 миң 846ны түзүүдө.