Марал Радиосу

Кыргызстан футзал курама командасы Өзбекстанга утулду [фото-видео]

Кечээ, 17-ноябрда Ташкент шаарында өткөн жолдоштук беттеште футзал боюнча Кыргыз улуттук курамасы Өзбекстанга 2:1 эсебинде утулду. Бул маалымат Кыргыз футзал федерациясынын Инстаграм баракчасына жарыяланды.

Кыргыз курамасынан жалгыз голду Нурсултан Абдылдаев киргизген. Бүгүн, 18-ноябрда жолдоштук беттеште Кыргыз курамасы Тажикстан менен ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.

Өзбекстан — Кыргыз өлкөсү (2:1);

Голдор: Абдылдаев (6-мүнөттө), Тулкинов (18-мүнөттө), Эркинов (31-мүнөттө).