Марал Радиосу

Мамлекеттик кызматкерлерди 10%га кыскартуу пландалууда

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди 10 %га кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында өкмөт аппаратынын жетекчиси Бакыт Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, бул эмгек акыны жогорулатууга жана мамлекеттик кызматка кесипкөй, жаш адистерди тартууга мүмкүндүк берет. Ал үчүн мамлекеттик кызматкерлер аттестациядан өтүшү керек.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен 321 миң адам айлык акы алат. Жыл сайын айлык акыларды төлөөгө бюджеттен 48 млрд сом каралат.