Марал Радиосу

Киши колдуу болгон прокурордун иниси Чон-Алайга аким болду

Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими кызматына Өскөнбай Мамажакыпов дайындалды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна жеке булактар кабарлады.

Өскөнбай Мамажакыпов Баткен облусунун прокурору кызматын аркалап турганда каза тапкан Анарбай Мамажакыповдун бир тууган иниси. Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши болдуу болгон.

Чоң-Алай районунун буга чейинки акими Жумадилла Жапаров ээлеген кызматынан бошотулганын бүгүн өкмөттүн расмий сайты кабарлады. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон. Бирок бир канча мүнөттөн кийин бул жаңылык өкмөттүн сайтынан алынып салынды. Басма сөз кызматы мунун себебин түшүндүрө элек.

Жумадилла Жапаров 2015-жылдын июнь айынан тарта Чоң-Алай районунун акими болуп иштеген.