Марал Радиосу

Талант Мамытов Казакбаевди кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 17-ноябрда өлкөнүн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды.

Казакбаев Мамытовго өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди.

Талант Мамытов чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу саясат жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.