Бир кезде кандай гана текст болбосун, кемелине келтире окуп, угарман-көрөрманды арген үнү менен арбап, телекөрсөтүүлөрдүн, радиоуктуруулардын ажарын ачып турган диктор деген атайын кесип болгон. Ал кесипке да жөн салды эле адамды тандай беришкен эмес. Учурда ал диджей, алып баруучу деген сыяктуу заманбап аттарга алмашты. Антсе да андагы дикторлордун ордун канчалык деңгээлде ээлей алышты, ал башка кеп.
Мына ошондой арген үндүү дикторлордун акыркы муундарынын бир өкүлү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлшан Молдоева «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасынын кезектеги конокко келип, биз менен маек куруп кетти.
— Алгачкы кепти балалык чагыңыздан баштасак…
— Менин балалыгым көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Темир деген айылда өттү. Ал учурду эстегенде көз алдыма аябай бактылуу ирмемдер тартылат. Себеби ата-энең, бир туугандарың маңдайыңда, дүйнөң түгөл. Биз чоң үй-бүлө болуп тарбияланып өстүк: 7 кыз, 4 эркек — 11 бир тууганбыз. Шүгүр кылам, азыр баарыбыз барбыз, өзүнчө шаар болдук, айыл болдук. Өкүнүчтүүсү, ата-энебиздин көзү өтүп кетти. Алар айылдын абдан көрүнүктүү адамдары эле. Биздин «Абыкайдын кыздары» деген атыбыз да бар болчу (күлүп). Апабыз тартипти катуу кармаган, тарбияны мыкты бере алган, уз чебер болчу.
Таенемди да көрүп калдым. А киши үйгө келгенде жаңы жашоо башталгандай сезилчү. Айрыкча бизди, кыздарды аялзатына таандык иштерге аябай бышырды. Маңдайында отуруп алып, кошо жүн тытышабыз, шырдак шырыйбыз, сайма саябыз, башка иштерди кылабыз дегендей. Өзү Үркүндү көргөн адам экен. Кытайга үркүп барышып, үй-бүлөсүн гана эмес, бардык тууган-уругун, айылын түгөл, аман-эсен алып келиптир. Ушул эрдигине күнү бүгүнкүгө чейин жогорку баа берем. Башынан өткөндөрүн көркөмдөп, сүрөттөп айтып отурса, баарыбыз кошулуп ыйлаар элек. Эми эстесем, бизди эмгекке аябай тарбиялаптыр.
— Мектепти кандай аяктадыңыз?
— Мектепте активист болчумун. Кандай иш-чара болбосун, алып баруучу болуп, ырдап, комуз чертип берип, баарына катышып жүрдүм. Ошол мектепте алган билим кийин мага абдан чоң түрткү болду.
— Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер окуу жайында музыкалык факультетте билим алган экенсиз? Бул окуу жайга кандайча тапшырып калдыңыз?
— Негизи, атам ырга жакын эмес, апам ырчы болчу. А киши ар кандай кечелерде, майрамдарда ырдап калса, «Апабыз ырдап атат», — деп кудуңдап, берилип угар элек. Ошол көрүнүштөр шык жаратып, тапшырып калдым. Кийин окуу жайда дагы бардык иш-чаралардын алып баруучусу болуп жүрдүм. Ректорубуз Жанетта Таттыбекова да: «Молдоева алып барат, Молдоеваны тапкыла!» — деп, менден башкага берчү эмес. Ал кезде СССР убагы эмес беле, көптөгөн чоң-чоң иш-чараларды, ал тургай Кыргызстандын чет өлкөлөрдө өткөн иш-чараларын да алып барып жүрдүм. 1977- жылы ошол кездеги Маданият министри Күлүйпа Кондучалованын тапшырмасы менен СССРдин жаңы кабыл алынган Конституциянын урматына уюштурулган 15 Союздук өлкөнүн чоң фестивалында кыргыз өнөрпоздорунун кечесин Москвадагы Съезддер сарайында алып бардым. СССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Брежнев, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев катышкан ошол иш-чараны алып барганымды азыр да кубануу менен, сыймыктануу менен эстейм.
— Дикторлукка кантип келип калдыңыз?
— Биз бала кезде телевизор деген жок болчу. 3-4-класста окуп жүргөнүмдө гана пайда боло баштады. Колунда барлар ала башташты. Атам балдарга өзгөчө көңүл бурган адам эле. Фрунзеге 3-4 күн жүрүп, анан сыналгы алып келди. Диктор дегенди ошол жерден көрдүм. Балалык менен бир башкача туюм-сезим болгон экен да. «Булар кантип тамак жейт? Кантип эс алышат? Кичинекей жерде кантип олтурушат?» — деп таң кала берер элем. Анан, «Бүгүн Роза Рыскелдинова чыгат, эртең Тамара Бакиева чыгат», — деп, ар биринин чыгар күнүн билип, күтүп көрчүбүз. Эфир маданиятын ошол кезде үйрөндүм.
Кесибимди эң биринчи радио тармагынан баштагам. Ал тарапта 3-программа деген болор эле. Тактап айтканда, диктор-практикант деп ошол жерден классикалык музыкаларды угузчубуз. Азыр байкасам, жакшы таптаптыр. Анткени, чет элдин ырчыларынын ысымдары, чыгармалары тил сына тургандай болчу. Бир тамганы туура эмес айтып алсаң, чакырып алышып: «Бул сенин маданиятсыздыгыңды билдирет, угуучулар кандай кабыл алышты?» — деп ар бир сөздү баамдап, көз жаздымга калтырышчу эмес. Тартип аябай катуу болчу. Кийин телевидениге дикторлор жетишпей, ал тарапка кабыл алындым.
— Көп эле маектериңизде жубайыңызды жакшы сөздөр менен алкап келесиз. Учурунда сиздин кесибиңизге же жасаган иштериңизге каршы чыкты беле?
— Жолдошум — илимдин адамы. Биз экөөбүз эки мамлекеттин кишисиндей элебиз да. Мен кээде жумуш, иш- чаралар болуп калып кетип калган учурларды, деги эле чыгармачылык жан дүйнөмдү түшүнүп, сезип туюп жайыма койгонуна ырахмат айтам. Анткени, мен өзүмдү башка жумушта такыр элестете алган жокмун. Башка кызматтарга да чакыруулар болду. Бирок жан дүйнөң менен жакшы көрбөсөң, мойнунан байланган иттей болуп, барсаң да майнап чыкпайт экен, ишиң алдыга жылбайт экен. Тээ бала кезден жүрөгүмө багып, жан дүйнөмө түнөгөн нерсени мен эч нерсеге алмаштыра албай койдум.
— Кесиптешиңиз белгилүү диктор Бактыбек Мамытовдун: «О-о Гүлшан аябай тың аялзат», — деп айтканы бар. Демек, Гүлшан айым жолдошуна кандай жар болду экен?
— Апам, таенем кыздарды турмуш жолуна аябай даярдап койгон. Өзгөчө эмгекке катуу даярдады. Дайыма кыймыл-аракетте жүрөм. Баарына жетишем, ошол үчүн жолдошум мени жактырган болушу керек (күлүп).
— Сизден кеңеш болсун, өсүп келе жаткан жаңы муун көбүнесе жаштыктын курч мезгилинде эмнелерге көңүл бурушу керек?
— Мезгил бат эле учуп кетет экен. Андыктан, ошол учурдагы убакытка көбүрөөк көңүл бурушу керек. Интернет, социалдык тармактар да аябай көбөйүп кетти. Жаштар, балдар, жадагалса кичинекей бөбөктөр да ошол нерсеге көбүрөөк ооп кетишти. Мен айтар элем, аны кайсыл учур болсо да карап алса болот. Эмгек кылып, өз колуң менен жасаган нерсе аш болумдуу болот. Ошондуктан, аракет кылып ар нерсени өзүбүз жаратсак, келечекте багат, туңгуюктан чыгып кетүүгө кийин да жардам берет. Анан дагы көп китеп окушса дейм. Анткени, көпчүлүк балдарыбыз китеп бетин ачпайт, туура жазганды билбейт.
— Алып баруучу, дикторлор үчүн атайын академия ачылган экен. Азыркы учурда кандай иш алып барууда?
— Бул академияны ачууда көп ойлондум, толгондум. Мурда 15 Союздун ичинен кыргыз телерадио дикторлору абдан күчтүү болчу. Кийин баары пенсияга чыгышты, дикторлук кесип жоюлду. Ошондо мен абдан өкүттө калдым. Мындай үндөр кайталангыс да. Бул керемет үндөрдү сактап, жолун жолдоп, бир нерсе алып калыш керек болчу деген максатта мектеп ачкам. Себеби, агай- эжелерден алган билим, тажрыйбамды мен дагы башкаларга үйрөтүшүм керек да. Мен эмне үчүн өзүм менен кошо ала кетишим керек. Кыргыз элине мыкты радиоуктуруулар, телекөрсөтүүлөр чыгып турса жаманбы?! Азыр шартка байланыштуу бир аз кармалып турабыз.