Марал Радиосу

Шевченко менен Майя маек беришти

Лас-Вегаста 22-ноябрда кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык мушкер Женнифер Майя UFC титулу үчүн «UFC-255» турниринде беттешет.

Беттештин алдында мушкерлер UFCнин «You tube» каналына маек беришти. Анда Майя: «Мен раунддук турда жеңишке жетишим керек жана күрөштүн аягында көтөрүлүп кетем. Мен октагондо UFCнин жеңил салмактагы чемпиону болом», — деди.

Ал эми Шевченко: «Кандай гана беттеш болбосун, менин максатым — жеңиш», — деген.