Марал Радиосу

Эрнест Абдыжапаров: Кыргыз киносу Голливуд менен тиреше алды

Бүгүн — Кыргыз киносунун күнү. Тарыхына көз чаптырсак, 1941-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССР Эл комиссарлар Совети «Фрунзе шаарында кинохроникалык студия куруу жөнүндө» буйрук чыгарган. Мындан улам 1994-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «17-ноябрды Кыргыз киносунун күнү, кинематографисттердин кесиптик майрамы катары белгилөө жөнүндө» № 695 Токтомун кабыл алган.

Аныгында, улуттук кинонун «алтын доору», даңазалуу «кыргыз кереметинин» жаралган мезгили катары XX кылымдын 60-70-жылдары айтылып келет. Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдарда искусство тармагына көп көңүл бурулбай калган. Учурда кино өндүрүшү кайра жанданып, андагы «кыргыз кереметин» жаңычыл багытта алып чыгууга аракеттер көрүлүп келет.

Аталган күнгө улай, радиобузга маектешүүгө келген кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров өткөн доор менен учурдагы кыргыз киносу тууралуу буларды айтып берди:

— Кыргыз керемети аталган ошол учур менен азыркы мезгилди салыштырып болбойт. Ал кезде биздин өлкө СССРдин бир мүчөсү болчу. Бир тартылган кино дароо 250 миллион калкка көргөзүлчү. Кинофестивалдарга барганда да иргелип, тандалып отуруп, анан кетчү.

Учурда «кыргыз керемети» деп айтпасак да, биздин кино тармагыбызга суктангандар өтө көп. Каржылык жактан мамлекет жардам көрсөтпөсө да, дүйнөлүк кинофестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп жатышат. Мурунку СССР, азыркы КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу биздин кино тармак Голливуд менен тирешип, көрүүчүлөрдүн назарын бура алды. Кыргыз киносу азыр жаштар арасына улуттук, мамлекеттик идеялогияны жайылтып, жакшы тарбия берип жатат. Мындан улам ошол 60-70-жылдардагы кинолорго салыштырмалуу биз кыргыз кереметин уламак тургай, мамлекеттик органдар жасай турган чоң вазыйпаны аткарып жаткан искусство тармагына айлана алдык десек аша чапкандык болбос.

Ал учур менен биздин учурдун актерлорун бири-бири менен салыштырып болбойт. Бирок, Кытай режиссерлору «Курманжан датка» тасмасын көргөндөн кийин: «Кытай актрисаларынан да жакшы аткарат экен», — дешип, элдин сүймөнчүгүнө айланган актриса Элина Абай кызына кадимкидей суктанышты. Ал эми мырзалардан алып карасак, Аскат Сулаймановдун дарамети күчтүү. Сүймөнкул агабызга жетпесе да, ошол учурда Сүймөнкул агабыз кандай орун ээлесе, бүгүнкү кино ышкыбоздору үчүн Аскат Сулайманов ошондой эле орунда деп эсептейм. Анан, албетте 1960-1970-жылдардагы «жылдыздардын» тобун ала турган болсок, биз аларга жете элекпиз.

Exit mobile version