Марал Радиосу

Октябрда 315 окуучу коронавирус жуктуруп алган

Быйыл сентябрь айында коронавирус жуктурган 48 окуучу катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында айтты.

Октябрь айында окуучулар арасында катталган учурлар 6,5 эсеге жогору болуп, 315ти түздү.

16-ноябрга карата 157 окуучудан табылды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок.

Министрликтин маалыматына караганда, окуучулар үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан.