Марал Радиосу

COVID-19: Дары жетиштүү, бирок дарыгер аз

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал дагы эле курч бойдон. Республикалык штаб дары-дармек жана орундук менен камсыздоодо маселе жаралбайт дешкени менен дарыгер жетишсиз экенин моюндарына алышат. Ал эми медицина тармагы боюнча эксперттер эпидемиологиялык абалдын оорлоп баратышына жогорку бийлик органдарын күнөөлөп, чечкиндүү кадамдарга барбай жатканын айтышат.

8-9-ноябрь күндөрү Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен, Ош облусун кыдырып, ооруканалардын даярдыгы менен жеринен таанышып кайтты. Министрдин Лейлек районуна болгон иш сапарында аталган аймак чек арага чектеш болгондуктан, коронавирус жуктургандардын саны жогору болуп жатканын жергиликтүү дарыгерлер маалымдашкан. Мындай эпидемиологиялык абал курч мезгилде 143 миң калкы бар Лейлек районунда реаниматолог, эпидемиолог сыяктуу ар кандай багыттагы медкызматкерлер жетишпесин акимдин орун басары Максатай Каримбердиева да бышыктады.

«Лейлек районунда реаниматолог, эпидемиолог сыяктуу ар кандай багыттагы медкызматкерлер жетишпейт. Мисалы, райондогу Маргун айылында бир медайым менен бир башкы дарыгер гана иштейт. Мындай дарыгерлер эпидемиологиялык абал курчуп турганда, район борборундагы кызыл аймакка жиберилген». 

Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык билими бар ыктыярдуу адистерди жумушка тартууну баштады. Ошондой эле медициналык окуу жайларда жогорку курстарда окуган студенттерди аймактарга жөнөтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынын башчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

«Дарыгерлердин жетишсиздиги пандемия келгенге чейин эле бар болчу. Буга маянанын аздыгы да өз таасирин берет. Медициналык окуу жайды аяктагандар көбүнчө шаар жерлеринде калып, айыл-кыштактарга азыраагы эле барышууда. Мындан улам пенсия курагындагы адистерди да тартканга туура келип жатат». 

Жылдыз Айгерчинованын айтымында, министрлик оорунун экинчи толкунуна толугу менен даярдык көргөн. Дары-дармектин, жеке коргонуу каражаттарынын запасы 2 айга камдалган. Өлкө боюнча бейтаптар үчүн 8 миң орун даярдалса, учурда анын дээрлик 60 пайызга жакыны бош турат.

«Ысык-Көлдөгү облустук оорукананын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Ал эми Чолпон-Атада да оорукана коронавирус илдети менен ооругандарды кабыл алууда. Нарындагы оорукана азырынча бүткөрүлө элек. Ош шаарындагы оорукана болсо, 10-декабрга чейин колдонууга берилет». 

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев саламаттыкты сактоодогу кадрдык тартыштык буга чейин эле болуп келгенин билдирди. Ал кадрлар жетиштүү деңгээлде даярдалып чыкканы менен адистерге каралган айлык акы аз экенин, мындан улам өз тармагында иштөөнү каалашпай турганын айтат.

«Дарыгерлердин иштөөгө болгон шыгы өчүп баратат. Аларга жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Дарыгерлерге кенемте төлөп берүү, маянасын көтөрүп берүү керек. Тилекке каршы, бүгүн дагы бирөө каза болуп калды. Оорулуулар көбөйгөн сайын алардын жумушу оорлоп жатат». 

Булардан тышкары, саясий өнөктүктөр өтөр алдында маалыматтарды бурмалабай ачык айтуу, жарандардын саламаттыгын алдыңкы орунга коюу зарыл экенин, оору кайрадан жайылып бараткан учурда министрлик протоколуна дарылоо ыкмаларын, дары-дармектердин жаңы түрлөрүн киргизүүнү ыкчамдатуусу керектигин кошумчалады.

«Министрлик шайлоонун алдында элди тынчтандырып туруу менен убара. Алар протоколун кайра карап чыгуусу керек. Жаңы дары-дармектерди киргизүү керек. Өкмөт жагдайды ачык айтып туруусу керек».

Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган. Андан коргонуу максатында Өкмөт той-аштарга тыюу салып, маданий, билим берүү мекемелеринин ишине чектөө киргизген. Анткен менен коомдук транспортторго, соода жайларына чектөө коюлбаганы, тойканалардын тыюу салууну тоготпой жатканы, саясий өнөктүктөрдүн кайра жанданганы оорунун таралышынын негизги себеби катары айтылып келет.