Марал Радиосу

Дүйнөлүк ири эркин соода зонасы түзүлдү

15 өлкөнү бириктирген Дүйнөлүк ири эркин соода зонасы түзүлдү. 8 жылдан бери ишке ашпай келген мындай биригүүгө 15-ноябрда кол коюлду. Жаңы экономикалык зона Кытайдын демилгеси катары каралууда. Жаңы макулдашуу кайсы мамлекеттерди бириктирди, алар кандай максатты көздөйт? Бул тууралуу алдыда кенен айтып беребиз. 

Кытай баштаган 14 өлкө дүйнөлүк эркин соода боюнча ири келишимге кол койду. Жаңы экономикалык макулдашуу Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биримдигинин (AСEAН) жыйынында бекитилди.

Аймактык кеңири экономикалык өнөктөшүк деп аталган макулдашуу ага кошулган 15 мамлекеттин ортосунда соода-сатыкта тарифтерди төмөн кармоону көздөйт. Ошондой эле компаниялар макулдашууга кирген мамлекеттердин аймагында ар бир өлкөнүн уруксатын күтүп отурбастан эле товар экспорттой алат.

Бул келишим бир тарабынан коронавируска байланыштуу жабыркап турган дүйнөлүк экономикалык кризистен биргеликте чыгууну максат кылат. Эркин соода аймагына кирген өлкөлөрдө 2.2 миллиард киши бар. Ошондой эле дүйнөлүк дүң өнүмдүн үчтөн бирин, башкача айтканда 32 %ын түзөт.

Макулдашууга AСЕАН бирикмесине кирген 10 өлкө Вьетнам, Таиланд, Филиппин, Лаос, Камбожа, Мьянма, Малайзия, Сингапур, Индонезия, Бруней кол койду. Башка беш өлкө — Австралия, Кытай, Жапония, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея да жаңы макулдашууга кошулду.

Айрым серепчилер бул келишим Кытайдын аталган аймакта өз таасирин арттыруусуна өбөлгө болот деп баалоодо.

Ири келишим видеоконференция аркылуу ишке ашты. Макулдашууга кол коюу да виртуалдык режимде өттү.

Жыйынга Орусия президенти Владимир Путин да катышып, сөз сүйлөдү. Ал глобалдык маселе болуп жаткан коронавируска каршы күрөшүүдө аталган өлкөлөр менен кызматташууга даярдыгын, кайтарымсыз реагенттерди, коронавирусту аныктоочу тесттерди берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Ошондой эле Орусия тараптан иштелип чыккан «Спутник» вакцинасынын таасирдүүлүгүн айтып, ондогон өлкөлөр келишим түзүү максатында кайрылганын кошумчалады.

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биримдигинин (AСEAН) жыйынына катышканы менен Орусия экономикалык макулдашууга кошулган эмес.

14 өлкөнү бириктирген эркин соодадагы ири макулдашуу 8 жылдык сүйлөшүүдөн соң ишке ашты. Маселенин алкагында 31 жолу сүйлөшүү, 18 ирет министрлердин жолугушуусу өттү. Макулдашууну бекитүү алты ирет артка жылдырылган.

Акыркы убактардагы келишимдин тоскоолдукка учурашына Индия себеп болгон. Аталган өлкө буга чейинки сүйлөшүүлөргө катышканы менен, келишимге кошулган эмес. «Өлкөбүздү Кытайдын арзан товары каптап, Индиядагы өндүрүмдүн тарифине терс таасир этет», — деп, бул процесстен чыгып кеткен. 2019-жылдын аягында сүйлөшүүлөрдөн да баш тарткан. Айрым серепчилер келишимге келген мамлекеттер Индиянын кошулушун дагы деле күтүп жатканын айтат.

Макулдашууга АКШ кошулган жок. Себеби Дональд Трамп жетектеген Кошмо Штаттар буга чейин эле Тынч океан транс өнөктөштүгү соода келишиминен чыгып кеткен. Жаңы келишим ошол кызматташтыктын Бээжин демилгелеген жаңы варианты катары каралууда. Серепчилер бул келишим АКШ менен соода согушунда жүргөн Пекин үчүн чоң жетишкендик болгонун белгилешет.

Ал эми Кытай менен Япония үчүн аларды бириктирген алгачкы эркин экономикалык келишим болду.