Марал Радиосу

Жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болушу мүмкүн

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Бүгүн, 16-ноябрда Чүй, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө -2 … 3; Талас облусунда -4…1;

Жалал-Абад, Ош, Баткен аймактарында 3 … 8;

Ысык-Көл облусунда 2 … 7; Нарында -1 … 4 градус жылуу.

Бишкекте кечке маал кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 1 … 3 градус жылуу.