Марал Радиосу

Кыргызстан Өзбекстан менен эки жолу оюн өткөрөт

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Өзбекстан курама командасы менен эки беттеш өткөрөт.

Кыргызстандын Футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдиргендей, оюндар 17 жана 20-ноябрда Ташкент шаарында өтөт.

17-ноябрда боло турган биринчи оюн жолдоштук мелдештин алкагында өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышат.

17-ноябрь

Кыргызстан – Өзбекстан

18-ноябрь

Кыргызстан – Тажикстан

20-ноябрь

Кыргызстан — Өзбекстан

Экинчи оюн турнир аяктагандан кийин 20-ноябрда өтөт.