Марал Радиосу

Лондондо Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп жарык көрдү

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ишмердигин баяндаган «Евразиялык жазуучунун даңазалуу жолу» аттуу китеп англис тилинде жарык көрдү.

Китептин автору: Айтматовдун  чыгармаларын англис, немис тилдерине которуу жана чет өлкөлөрдө жайылтуу менен алектенип келаткан профессор, лингвист Рахима Абдувалиева.

Китепте залкар жазуучунун балалыгы, чыгармачылык жолу, дипломатиялык иши, эл аралык кадыр-баркы, көтөргөн идеялары тууралуу баяндалган. Автордун айтымында, басылма Чыңгыз Айтматовдун баскан жолун дүйнөлүк коомчулукка кыскача тааныштырып, кыргыз коомчулугу үчүн жаңы өңүтүн ачып берет.