Марал Радиосу

Францияда кайрадан кол салуу болуп, эки адам каза тапты

Франциядагы жан кечтинин кол салуусунан эки адам каза таап, бир кемпир оор жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

Маалым болгондой, Франциянын батышында жайгашкан Шоле шаарындагы үйүнүн алдынан бир адамга кол салуу болуп, ал башынан алган жаракаттан улам ошол жерден каза болгон. Жан кечти муну менен тим калбай, аймактагы парктардын биринен 83 жаштагы карыяга жана анын 81 жаштагы байбичесине кол салган. Карыя ооруканага бараткан жолдо каза таап, кемпир жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Окуяга шектүү катары 35 жаштагы мурда соттолгон жаран кармалган. Аларды эмне себептен өлтүргөнү азырынча белгисиз экенин жергиликтүү полиция бөлүмү маалымдады.