Президенттик кызматка талапкер катары шайлоого катышууну каалагандардын арызын кабыл алуу токтотулду.
БШКдан билдиргендей, жалпы 63 талапкер катталды. Алардын 8и аял, 55и эркек.
Клара Сооронкулова — 1969-жылы туулган, «Укук мектеби» коомдук уюмунун жетекчиси
Элеонора Турдубекова — 1971-жылы туулган, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык интернат-окуу жайынын жетекчиси
Токтайым Үөталиева — 1962-жылы туулган, укук коргоочу, «Ай-Данек» гезитинин редактору
Анар Зарипова — 1966-жылы туулган, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун химия жана химиялык технологиялар факультетинин деканы
Карагач Исмаилова — 1968-жылы туулган, Бишкек шаарындагы №44 мектептин мугалими
Анаркүл Араева — 1960-жылы туулган, пенсионер
Юлия Лилиенталь — 1981-жылы туулган, каржы иштери боюнча аналитик, башталгыч класстардын мугалими
Елена Клипачева — 1979-жылы туулган, адвокат