Марал Радиосу

Ишкер Бабур Тольбаев да президенттикке талапкер болду

Кыргызстандагы финансылык компаниялардын биринин ээси болгон ишкер Бабур Тольбаев дагы өзүн президенттикке талапкер катары көрсөттү. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында жарыялады.

Маалыматка ылайык, Бабур Тольбаев БШКнын расмий каттоосунан өткөн.

Учурда президенттикке талапкерлердин саны 60тан ашты. Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлерди каттоо бүгүн саат 24:00дө токтотулат.

Улукбек Кочкоров менен Элдар Абакиров да президенттикке талапкер болду

Exit mobile version