Марал Радиосу

Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырды

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерин тапшырды.

БШКнын токтомуна ылайык, Садыр Жапаров талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, чет мамлекеттин жарандыгы жоктугу боюнча жеке маалыматтарды карап чыгууга жазуу түрүндө макулдугун, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн тапшырды.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.