Марал Радиосу

Дагы 16 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 16 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3693 учур катталды, алардын ичинен 3483 медкызматкер сакайды.