Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президенттин милдетин аткаруучунун дагы бир буйругу менен аталган комиссиянын буга чейинки директору Зайырбек Эргешов ээлеген ордунан бошотулду.
Белгилей кетсек, укук коргоочу Акин Токталиев 2012-жылдагы окуяда Садыр Жапаровдун адвокаты болгон.