Марал Радиосу

Абдысалам уулу Кубанычбектин беттеши жылдырылды

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Абдисалам уулу (14-2) Бахрейндеги аралаш мушташ боюнча эл аралык мелдешке катышат.

«Эр жүрөк» мушташуу уюмунун кезектеги турнири 19-ноябрда өтөт. Турнирде жалпысынан 8 беттеш каралган.

Кыргызстандык мелдештин негизги беттешинде мушташат, анын атаандашы молдовалык Валериу Мирцеу (25-6-1) болот.

Бул мелдеш 12-ноябрда өтүшү керек болчу, бирок Бахрейн премьер-министринин каза болгондугуна байланыштуу кийинкиге калтырылды.