Марал Радиосу

Садыр Жапаров спортту каржылоо маселесин карап чыгууга убада берди

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров спортту каржылоо маселесин карап чыгууга убада берди.

Кечээ, 12-ноябрдагы маалымат жыйынында Садыр Жапаровдон спорттук маселелерди карап чыгууну суранышкан.

Спорт журналисттеринин өкүлү Кабыл Макешов 2021-жылы Олимпиада оюндары Токиодо өтөрүн, VI Азия оюндары да пландаштырылып жатканын маалымдаган.

Эске салсак, Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 5 спортчу лицензия утуп алган.