Кечээ 12-ноябрда Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган 17 оппозициялык күчтүн өкүлдөрү нааразычылык акциясын уюштуруп, Улуттук коопсуздук кызматынын имаратын көздөй жүрүш жасашкан. Алар партия лидерлеринин кармалышын «саясий куугунтук» деп аташууда.
Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазгандай, 12-ноябрь күнү кечинде Республикалык партиянын өкүлү Эдуард Шармазанов, «Дашнакцутюн» партиясынын өкүлү Гегам Манукян жана «Мекен» партиясынын лидери, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы директору Артур Ванецян бошотулганы белгилүү болду.
Ага чейин Армениянын Тергөө кызматы оппозициянын бир катар лидерлерин «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча айыптап кармап кеткен. Оппозиция өлкөдөгү аскердик абал учурунда акцияларды уюштурууга айыпталган.
10-ноябрда Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы астында үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тоолуу Карабахтагы согуш токтотулуп, Азербайжан соңку уруш маалында өз көзөмөлүнө алган бул аймактагы бир нече калктуу конуш, чөлкөмдөрдү сактап калат. Ошондой эле аймакка орус аскерлери бейпилдик күчтөрү катары аймакка киргизилген.
Келишимге кол коюлган түнү эле Ереванда массалык таполоң башталды. Нааразычылыкка чыккандар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.
Пашинян келишимге кол коюу оор чечим болгонун айтып келет.