Марал Радиосу

Жапаров эпидемиологиялык абалга карабай эл менен жолукканын түшүндүрдү

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров эпидемиологиялык абалга карабай аймактарды кыдырып, эл менен жолугушканы боюнча түшүндүрмө берди. Ал өз сөзүндө абалды пайдаланып, башалмандык чыгарууну каалагандар бар экенин айтты.

-Алардын иши COVID-19дан да кооптуу. Ошол үчүн мен эң коркунучтуусунан баштадым. ЖМКлар аркылуу да кайрылуу кылган менен көп жыйынтык бербейт экен. Ошол себептүү көзмө-көз отуруп сүйлөштүк. Түштүк аймакты гана кыдырып келдим. Нарында эл менен жолугуу пландалган эмес болчу. Барарымды угуп, жергиликтүүлөр чогулуп калган экен. Сыртта, ачык жерде сүйлөштүк, — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.