Марал Радиосу

Бүгүн Абдысалам уулу Кубанычбек мушташат

Кыргызстандын мушкери Абдысалам уулу Кубанычбек молдовиялык мушкер Валериу Мирча менен бүгүн, 12-ноябрда беттешет. Бул тууралуу уюмдун расмий сайты жарыялады.

Маалым болгондой, эки мушкердин беттеши «BRAVE – CF-45» турниринин алкагында Бахрейн шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, Абдысалам уулу Кубанычбек «BERKUT» жана «WEF» уюмдарынын жеңил салмактагы чемпиону аталган.