Марал Радиосу

Дзюдочулар Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө

11-ноябрдан 22-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарында дзюдо боюнча спортчулардын окуу-машыгуу жыйындары өтөт. Бул туралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Окуу-машыгуу 2020-жылга белгиленген календарлык планга ылайык, ошондой эле алдыда өтө турган лицензиялык эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында жүргүзүлүүдө. Ага машыктыруучулар Канат Имияров, Азамат Жаксыбаев баштаган 10 дзюдочу жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, иш сапар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан каржыланды.