Марал Радиосу

Жапаров президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды

Садыр Жапаров бүгүн президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, эртең 14-ноябрда Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын тапшырат.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн учурда 35 адамдан арыз келип түшкөн.