Марал Радиосу

Пляж футболу боюнча Азия чемпионаты башка күнгө жылдырылды

Пляж футболу боюнча 2021-жылдагы Азия чемпионатынын мөөнөтү коронавируска байланыштуу башка күнгө жылдырылды.

КР Футзал ассоциациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш 18-28-март күндөрү өтүшү керек болчу. Шартка байланыштуу ал 28-апрелден 8-майга чейинки убакытка белгиленди.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы 2019-жылы Таиландда өткөн Азия чемпионатында дебют жасаган.