Кыргызстандын бардык мектептеринин 9-10-11-класстары үчүн дилбаян сынагы уюштурулуп жатат.
Сынактын максаты: окуучулардын көркөм ой жүгүртүү жөндөмүн арттырып, мугалимдик кесипке дилгирлентүү, ошондой эле бул кесиптин коомдогу аброюн жогорулатууга салым кошуу.
Окуучулар дилбаянда мугалимдин ролу жана коомдогу орду тууралуу ой толгоолорун жазышы керек. Бул сынакта ушул кесипти тандабаган окуучулар да катышып, агай-эжейлеринин өзгөчө эмгеги, ар бир адамдын тагдырына тийгизген таасири жөнүндө баяндай алышат.
Сынактын уюштуруучусу, Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов менен маек курдук.
— Сынак канча жылдан бери уюштурулуп келет?
— Сынак үч жылдан бери, тагыраагы, 2018-жылдан бери уюштурулуп келет. Алгач Кара-Суу районунун 9-10-11-классынын окуучуларынын арасында «Мен мугалим болгум келет» деген темада дилбаян сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилген. 2019-2020-окуу жылында да райондук деңгээлде сынак уюштурулду. Эми 2020-2021-окуу жылы үчүн жалпы республикалык масштабда өткөрүүнү пландап жатабыз. Анткени көптөгөн кесиптештер: «Башка облустарда да сынак уюштурбайсыңарбы?» — деп суранып калышты. Алардын сунушун эске алдык. Албетте, сынакты уюштуруу, жыйынтыктарды чыгаруу иштери эбегейсиз эмгекти талап кылат. Бирок дос, кесиптештердин жардамы менен ийгиликтүү өтөрүнө ишенем.
— Окуучулар жазган дилбаянга таянсак, алар мугалимдик кесип тууралуу кандай ойдо? Келечекте окутуучу болууну самашат бекен?
— Албетте, окуучулар мугалимдик кесипти ачып берип, жакшы жактарын айтышат. Көмүскө жакшы жактарын да таап чыгышат. Бул сынак мугалимдик кесиптин позитивдүү жагын ойлонууга түрткү берет. Бир жагдайды айта кетүү керек: биз сынактын катышуучуларына «сен мугалим бол» деген чектөө койбойбуз; жөн гана окуучулардын ой толгоолоруна себепчи болобуз. Окутуучулук ардактуу кесип болгону менен маянага байланыштуу түйшүктөр бар. Мындан улам окуучуларды «мугалим болгула» деп мажбурлай албайбыз, ага акыбыз да жок. Дилбаян жазган окуучулардын арасында: «Мугалим болом, айылга барып иштейм», — дегендер да болду.
— Мугалимдер кандай кабыл алууда, сезимдери?..
— Албетте сүйүнүп, окуучусунун жазганын окуп, толкундангандар бар. Алар өздөрүнүн түйшүгүн окуучулар көрүп турганына күбө болушат. Мугалимдер бул сынакты колдошот.
— Мындай сынактар максатына канчалык деңгээлде жетип жатат? Өзгөчө кимдерге пайдалуу болууда?
— Сынактын негизги эки максаты бар: биринчиси, Кыргызстанда аз да болсо окуучулардын көз карашы менен окутуучулук кесиптин баркын көтөрүү. Мугалимдерди депутаты болобу, башкасы болобу, көрүнгөн адам урушуп жатат. Алардын үстүнөн мыскылдагандар да жок эмес. Мугалимдер сөгүштү да көп уккан катмар болуп калды. Андыктан, мугалимдердин баркын көтөрбөй туруп, коомду өзгөртү кыйын экенин элге жеткирүү, ага салым кошуу. Экинчиден, балдар оозеки жакшы сүйлөшөт. Бирок жазууда, өзгөчө эссе, дилбаян жазууда кыйналышат. Студенттер деле өз оюн жеткиликтүү жазып бере алышпайт. Сынактын арты менен окуучулар бул кемчиликтен арылышса… Чет өлкөлүк абройлуу университеттерде тапшырмалар жазуу иретинде кабыл алынат, оозеки сынактар болбойт. Ошондуктан балдарга өз оюн аргументтештирип жазууну өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз кажет. Бир чети жакшы дилбаян жазган окуучу башка досторуна үлгү болот.
— Дилбаяндардын мазмунуна кыска токтолсоңуз… Сизди таасирленткен окуяларды эстей аласызбы?
— Мени көп дилбаян таасирленткен. Маселен, айылдагы мектептердин биринде окуган кыз: «Мен ЖОЖдон билим алып келип, айылда иштейм. Себеби айылда окуучулардын кандай шартта билим алганына күбө болуп жатам. Аларга тийиштүү мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, күчтүү адистер окутса, келечекте мыкта адамдар чыгат беле?» — деп, өз айылын өнүктүрүүгө болгон аракети мени катуу таасирлентти. Анткени жаштарды ар дайым: «Шаарга кетип каласыңар, айылды ойлобой, өзүмчүл болуп калдыңар!» — деп урушабыз. Бирок андай эмес экен. Айылдагы кыйналган балдарга жардам берүүнү каалаган жаштарды көрүп кубандым.
— Мындай сынактар башка кесиптер боюнча да уюштурулса пайдалуу болобу?
— Албетте, ар бир кесип боюнча сынак уюштурулса жакшы болмок. Себеби, мектептерде кесипке даярдоо, үгүттөө абдан начар жолго коюлган. Тилекке каршы, окуучулар ЖРТ тапшырган соң гана кайсы кесипке барарын ойлонуп калышат. Андай болбой, алдын ала ойлонушса, жемиштүү болот. Чет мамлекеттерде кесип тандоо боюнча атайын сабак өтүлөт. Андыктан, бул багытта иштерди алып баруу зарыл. Учурда китеп окуу боюнча сынактар болуп жатат. Мындай сынактар туруктуу болуп, жыл сайын уланып турса, ошол эле мезгилде терең ойлонуп, талданса. Анткени сынак уюштурууда дилбаянды окуучу өзү жазганы же ата-энесине жаздырганы билинбей калат экен. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн сынакты эки баскыч менен өткөрүп жатабыз. Алгач мыкты дилбаян жазган 30 бала тандалып, Бишкекке келет. Бул жактан белгилүү бир убакыттын ичинде башка темага дилбаян жазышат. Ошондо чыныгы жеңүүчү аныкталат.
Сынактын шарттары:
Кыргыз, орус же англис тилиндеги дилбаяндын көлөмү 12-шрифт менен Times New Roman арибинде терилип, 2 беттен ашпоого тийиш. Ар бир дилбаяндын автору өзүнүн аты-жөнү, өзү окуган мектеби, жашаган аймагы тууралуу так маалыматты жөнөтүүгө милдеттүү.
Сынактын калыстары окуучулардын көркөм ой жүгүртүү жөндөмүнө жана мугалимдик кесиптин коом үчүн өзгөчө маанисин ачып бергенине көңүл бурат.
Жеңүүчүлөргө диплом жана атайын белектер ыйгарылат.
Дилбаяндын текстин жана жеке маалыматтарды 2020-жылдын 15-декабры, саат 23:00гө чейин ушул шилтеме аркылуу жөнөтүү керек: https://forms.gle
Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса, synak2019@gmail.com электрондук дареги аркылуу кат жөнөтсө болот.