Марал Радиосу

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлө баштайт

Бүгүн, 11-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев 2021-жылы Түркия Республикасында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулоо максатында спорттун улуттук түрлөрү боюнча курама командалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын спортчуларын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өз убагында жана сапаттуу даярдоонун маселелери каралды. Канат Шабданбаевдин айтымында, жыйын өткөрүүнүн максаты учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана иш планга өзгөртүү киргизүү болду.

«Спорттун улуттук түрлөрү боюнча курама командалардын даярдыгы үчүн бардык жоопкерчилик Мамагенттикке жүктөлгөн. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациялардын өкүлдөрүнөн коюлган маселелерге чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоону, бардык талаптарды жана тапшырмаларды так аткарууну суранам», — деди Шабданбаев.

Мамагенттиктин директору Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга 13-ноябрга чейин федерациялар менен биргеликте спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук жабдууларды стандартташтырууну иштеп чыгуу керектигин тапшырды.