Марал Радиосу

ӨКМдин кызматкери бокс боюнча чемпион болду

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу Жакшылык Таалайбеков бокс боюнча Бишкектин чемпиону болду», — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Спорттук иш-чара 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин өттү. Лейтенант Таалайбеков 69 кг салмакта күч сынашты.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Кыргызстандын чемпионатына даярданып жатат.