Марал Радиосу

Нурбаев сунуштаган мыйзам долбоору комитеттерде жактырылды

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында инвестицияларды колдоо жөнүндө айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.

Демилгечи депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, мыйзам долбоору биринчи кезекте өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө, иш орундарын түзүүгө, мигранттардын өлкөгө кайра кайтып келүүсүн камсыздоо менен аларды жумушка орноштурууга багытталган.

Ошондой эле экспортко багытталган өндүрүш ишканалары, инновациялар жаатындагы ишканалар, туризм, курулуш, кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканаларга таасирин тийгизери айтылды.

Тармактык комитеттин мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.